Оппозициячыл журналист Геннадий Павлюктун соту 27-июнга которулду. "Азаттыктын" Алматыдагы кабарчысынын билдиргенине караганда сотту кийинкиге жылдыруу себеби жарыяланган жок. Мурда алынган маалыматка караганда бүгүнкү сот отурумунда кыргызстандык күбөлөр суралмак. "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев буга чейин сотко катышууга расмий чакыруу алып, ага жооп бергенин "Азаттыкка" билдирген. Саясатчы жообунда мурдагы көрсөтмөлөрүн сотто пайдаланууга макулдук берген.
"Ата Мекен" партиясы менен кызматташып жүргөн оппозициячыл журналист Геннадий Павлюкту белгисиз адамдар 2010-жылы Алматыдагы көп кабаттуу имараттардын биринен колу-бутун таңып, ыргытып жиберишкен. Бул иш боюнча Алматыда сот жараяны 6-июнда башталган.(BuS)