Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Өкмөт министрликтердин санын кыскартат


Өкмөт министрликтердин курамын 20дан 17ге чейин кыскартууга камынууда. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кечээ кол койду.

Токтомго ылайык, Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык өнүгүү жана инвестиция комитети болуп кайра түзүлөт. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Жаштар иштери боюнча министрлик бириктирилет. Ал эми Маданият жана маалымат министрлиги Маданият жана туризм министрлиги болуп кайра түзүлөт. Мамлекеттик мүлк министрлиги өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фонду болуп, Табигый ресурстар министрлиги Өндүрүш жана минералдык ресурстар министрлиги болуп кайра түзүлөт.

Министрликтердин жаңы курамы парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. Министрликтерди кыскартуу менен өкмөт 14,3 млн. сом үнөмдөөнү көздөп жатканы кабарланды. (ZB)

XS
SM
MD
LG