Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Клинтон Сирия армиясын Түркия менен чек арадан чегинүүгө үндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сирия аскерлерин Түркия менен чек ара аймагынан чегинүүгө үндөдү. Клинтондун айтымында, сириялык армиянын иш-аракеттери региондогу абалдын курчушуна, түркиялык чек арачылар менен ар кандай кагылышууларга алып келиши ыктымал:

- Сириянын куралдуу күчтөрү чабуулдарын жана провокацияларын токтотмоюнча аймактагы жаңжал тереңдеши мүмкүн. Андай чагымчыл аракеттер Сириянын жарандарына гана каршы багытталбастан, эми чек арадагы кагылышуу коркунучун түзүүдө.

Клинтондун айтымында, АКШ Сирия армиясы түрк чек арасына 500 метрдей эле жакын жайгашкан Хирбет ал-Жоз айылын курчоого алды деген кабарды кабатырлануу менен кабыл алды.

Расмий Анкаранын ырастоосунда, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кырдаалды телефондон талкуулашты. Бейшембиде дагы жүздөгөн адам Түркиянын чек арасынан өткөнү кабарланууда. Ал эми Сирия бийлиги өкмөткө каршы кыймылды күч менен баса баштагандан бери качкындардын саны 10 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG