Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Текебаев: Президент БШКнын эски курамын калтырууга кызыкдар


“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке БШК курамын бүгүн аныктоону сунуштады. Депутат өлкө башчысы "БШК тууралуу" мыйзамга кол коюп, “Эркин-Тоо” гезитине жарыялаганча бир топ убакыт өтөөрүн белгиледи.

Өмүрбек Текебаев президент БШКнын эски курамы менен шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болуп, "мыйзамга апрель айында кол койгон эмес" деп эсептейт.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери парламент атынан БШКнын 8 мүчөсүн шайлай берүү сунушун киргизүүдө. Мындай жагдайда БШКда кворум бар деп эсептелип, орган иш алып бара берсе болот. (EK)

XS
SM
MD
LG