Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Йылмазды бошоткон соттор кызматтык текшерүүдөн өтөт


Чолпон Орузбаевага кол көтөрдү делген түрк жараны Гүнеш Йылмаздын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет.

"Чолпон Орузбаеванын денесине оор жаракат келтирди" деген айып менен Гүнеш Йылмазды камакка алуу боюнча чыккан сот өкүмүн Бишкек шаардык соту өзгөртүп, айыпталуучуну үй камагына бошоткон. Кийин Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Бирок Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарып жиберген түрк жаранынын дайыны азырынча белгисиз. (EK)

XS
SM
MD
LG