Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Ксеир деген шаарда аскерлердин айоосуз мамилесинен улам жүздөгөн адамдар чек аранын Ливан тарабына өтүүгө мажбур болгон. Ага чейин акыркы апталар ичинде Түркияга 12 миңдей сириялык качып өткөн эле. Президент Башар ал-Ассадын кызматтан чегинүүсүн талап кылып, Сирияда демонстрациялар башталган март айынын ортосунан бери адам укугун коргоочулардын эсебинде 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган.
Бул аралыкта Иран кечээ Евробиримдиктин Сириядагы нааразылык акцияларын басууга катышып жатат деген айыптоосун четке какты. Мунун алдында өткөн жума күнү Евробиримдик Ирандын үч аскерий жетекчисине карата санкция киргизген болчу. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү муну Евробиримдиктин Иранга каршы “пропагандасы” деп атады.