Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Жогорку Кеңеш бул аптада президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек


Президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилер алдында парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуусу абзел.

Аталган мыйзамга парламент экинчи ирет кайрылмакчы. Анткени май айында жактырылган долбоорго президент тарабынан вето салынган. Өткөн жума күнү парламентте “БШК жөнүндөгү” мыйзам жактырылды жана анын сегиз мүчөсү шайланган. Калган төрт мүчөсүнө талапкерлер президент тарабынан көргөзүлүшү керек.

Бул апта - Жогорку Кеңештин жайкы сессиясынын акыркы жумасы. Андыктан парламентте президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөө жана шайлоону өткөрүү үчүн зарыл укуктук документтерди аягына чыгарууга эң көп дегенде эки иш күн бар.

Жогорку Кеңештин комитети шайлоону 20-ноябрга белгилөөнү сунуш кылган. Президенттикке туура мындан бир жыл мурда, 27-июндагы референдумда бекитилген Роза Отунбаеванын кызмат мөөнөтү 31-декабарда аяктайт. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG