Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Дамаскиде сириялык диссиденттер чогулду


Сириялык диссиденттер Дамаскидеги бүгүнкү кездешүүсүндө өлкөдөгү саясый кырдаалды талкуулашууда. Жыйындын катышуучулары кездешүүнү Сириянын саясый турмушундагы маанилүү окуя деп санашат. Оппозициянын бир бөлүгү жолугушуу анти-өкмөттүк чыгууларды айоосуз басып жаткан Башар Ассаддын режимин мыйзамый жактан таануу болот дешип, ага катышкан жок. Жыйын полиция менен кагылышууларда өлгөндөрдү бир мүнөт эскерүү менен башталды. Быйыл марттын ортосунда Сириядагы анти-өкмөттүк нааразылык акциялары башталгандан берки кагылышууларда адам укугун коргоочулардын айтымында, 1400дөн ашуун адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG