Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

АКШ Мамдепартаменти адам соодасы боюнча баяндамасын жарыялады


Баяндама менен тааныштырып жатып, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон буларга токтолду:

- Тилекке каршы транспорттук байланыштын жөнөкөйлөшү, алыскы айылдарга чейин жеткен глобалдык коммуникациянын кеңейши менен жакшы жашоону убада кылган жарнамалар таратылып, биз эксплуатацияланган адамдар саны өскөнүн көрүүдөбүз. Азыр 27 миллиондой эркек, аял, балдар иш жүзүндө кулчулукта. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн өкмөттөрү бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн олуттуу чараларды көрүүдө. Бирок жыйынтык чыгаруу үчүн биз сөздү реалдуу иштер менен салыштыруубуз керек.

Баяндаманын Кыргызстанга тиешелүү бөлүмүндө өкмөт “адам соодасын жоюу боюнча минималдуу стандарттарды толук кандуу аткарбай жатканы, бирок бул багытта олуттуу аракет көрүү үстүндө экендиги” белгиленген.

Быйылкы баяндамада Беларус менен Эстония адам сатууга каршы жетиштүү чара көрбөй жаткан өлкөлөр тизмесине кошулган. Орусия ал тизмеде сегизинчи жыл катары менен турат. Ошондой эле баяндамада аялдар менен балдар Орусияда, Германия, Польша, Чехия, Литва, Испания, Греция, Бельгия, Түркия, Израиль, Ливан, Түркия, Египет, Бириккен Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка сатылган учурлар бар экендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG