Иш таштоого бюджеттик мекемелердин көпчүлүгү, анын ичинде дарыгерлер, тез жардамдын айдоочулары, мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттери, а түгүл мамлекеттик театрдын актерлору да барганы жатат. Алар бюджеттик чыгымдарды кыскартууну караган пландын кабыл алынышына каршы. Премьер-министр Георгиос Папандреу кечээ парламентти чыгымдарды 28 миллиард евро кыскартууну караган планды жактырууга чакырды. Мындай чара карызга баткан грек өкмөтү дефолт болбош үчүн Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун 110 миллиард евро насыясынын кезектеги бөлүгү - 12 миллиарддын алуусунун башкы шарты. Бүгүн башталып жаткан иш таштоо 48 саатка эсептелген.