Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Йылмазды Кыргызстанга кайтарууга даярдык көрүлүүдө


Башкы прокуратура Кыргызстанда издөөдө жүргөн түрк жараны Гүнеш Йылмазды Казакстандан алып келүү үчүн материалдар топтоп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарланды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн Гүнеш Йылмазды Казакстандын атайын кызматы 6-июнда “Сыпатай баатыр” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармаганын жарыялады. 15-июнда ага каршы "чек арадан атайлап мыйзамсыз өттү" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектеги “Бета Сторес” дүкөнүнүн кызматкери, Түркиянын жараны Гүнеш Йылмаз ошол соода жайда иштеген Чолпон Орузбаевага кол көтөрүп, денесине оор жаракат келтирген деп айыпталып жатат. Йылмазды камакка алуу боюнча райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту өзгөртүп, айыпталуучу үй камагына чыккан. Кийин Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Йылмазга 16-июнда издөө жарыяланган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG