Карызга баткан грек өкмөтү бул ирет бюджеттин чыгымдарын 28 миллиард еврого кыскартууну сунуш кылууда. Эл аралык валюта кору менен Евробиримдиктин айтымында, мындай чаралар Греция дефолт болбош үчүн алардын 110 миллиард евролук насыясынын кезектеги бөлүгү – 12 миллиардын алышынын шарты.
Парламентте бүгүн башталуучу добуш берүүнү утурлай Афинада полиция демонстранттар менен кагылышып, 46 киши жаракат алганы, 14 демонстрант камалганы кабарланды. Кагылышуу үнөмдөө чараларына каршы өкмөттүк мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин 48 саатка белгиленген иш таштоосунун алгачкы күнүндө болду.
Греция азыр 1970-жылдардан берки эң ири рецессияны баштан кечирүүдө. Жаштар арасындагы жумушсуздук деңгээли 40 пайыздан ашып кетти. Өлкөнүн карызы Улуттук дүң өндүрүштүн 150 пайызына барабар.