Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Казакстанда абактагы журналист таанымал уюмдан жардам алды

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, Рамазан Есергепов Хелман-Хаммет уюмунун башкы грантына татыды. Алматы-инфо гезитинин негиздөөчүсү жана редактору 2009-жылы август айында мамлекеттик сырды гезитинде жарыялады деп үч жылга кесилген.

Журналисттин өмүрлүк жары Раушан Есергепова күйөөсүнүн жеңилдик берүү өтүнүчтөрү четке кагылып келатканын бышыктап, буларды кошумчалады:

- Акыркы кездери колонияга которуу сыяктуу өтүнүчтөрүн карабагандыктарына мыйзамдуу түс берүүгө да убара болбой калышты.

Хеллман-Хаметтин гранттарын Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоочу Хюман Райтс уюму бөлүштүрөт. Бул гранттар саясий куугунтукка кабылган жана турмуштан каржалган адамдарга берилет.
XS
SM
MD
LG