Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Акыйкатчыны кызматтан алуу үчүн жаңы комиссия түзүү сунушталууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыйкатчы Турсунбек Акундун жылдык баяндамасы жактырылбай калгандан кийин түзүлгөн атайын комиссия өз милдетин аткарууда чекиликтерди кетирди. Мындан улам кайрадан жаңы комиссия түзүү сунушу Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибине коюлууда.

21-апрелде Жогорку Кеңеште акыйкатчы Турсунбек Акундун 2010-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу жылдык баяндамасы каралып, бул баяндама депутаттардын колдоосун таба албай калган. Мыйзамга ылайык, баяндаманы парламент жактырбаса, акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси каралууга тийиш эле. Натыйжада омбудсменди кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча комиссия түзүлгөн.

Турсунбек Акун парламенттин аны кызматтан алууга укугу жоктугун билдирип, Акыйкатчы институтунун айланасындагы соңку жагдайлар ага каршы адамдардын кызыкчылыгында жасалганын белгилеген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG