Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Египеттеги кагылыштан жүздөгөн киши жаракат алды


Өкмөттүн маалыматына караганда, башкалаа Каирдин борборунда демонстранттар менен полицейлердин кагылышынан алты жүздөй киши жаракат алган. Мурдак бийлик өкүлдөрүнүн соту тездетилишин талап кылган жана кыжырданган демонстранттарды, көбүнесе жаштарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонду. Полиция менен демонстранттардын кагылышуусу шейшемби күнү кечинде башталган. Бул Каирда акыркы бир нече апта ичиндеги алгачкы баш аламандык болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаракат алгандардын 500дөн ашуунуна ооруканаларда жардам көргөзүлдү. Алардын 40ка чейинкиси коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG