Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШ президенти Ооганстан боюнча жеңишти жарыялоого азырынча даяр эмес


Барак Обама бул тууралу Ак үйдөгү басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, АКШнын Ооганстандагы миссиясы ийгиликтүү боло алат, ал эми буга чейинки жетишкендиктер жоокерлерди үйүнө кайтара баштоого мүмкүндүк берүүдө. Бирок жеңиш жөнүндө жарыялоого ал азырынча даяр эмес.

АКШ президенти ага катар “ал-Каидага” кысым улантыларын кошумчалады:

- АКШ күчтөрү “ал-Каиданын” мүмкүнчүлүктөрүн кыйла эле кыркты. Албетте, бин-Ладен көп көңүл бурдурду. Бирок бин-Ладенге каршы операцияга чейин эле биз “ал-Каиданын” ортоңку, айрым жогорку деңгээлдегилерин жок кылганбыз. Алардын аракеттенүүсү, байланышуусу, бири-бирин каржылоосу үчүн чоң кыйынчылыктар бар. Биз кысымды улантабыз.

Өткөн аптада АКШ президенти Ооганстандан быйыл 10 миң, келерки жылы 23 миң аскер чыгарыларын жарыялаган. Анын пикиринде, талиптер кечээ түнү Кабулдагы эң кымбат мейманканага кол салганына карабай, ооган борборундагы коопсуздук мурдагыдан бир топ жакшы.

XS
SM
MD
LG