Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Мароккодо бүгүн жалпы элдик референдум өтөт


Референдумга өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун кабыл алуу сунуш кылынган. Быйыл кышта Мароккодо да Түндүк Африкадагы саясий толкундоолордун тааасири астында демонстрациялар өтүп, көчөгө чыккандар демократиялык, экономикалык реформаларды, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышкан. Бул талаптарга падыша Мохаммед IV Конституциянын жаңы долбоору менен жооп берген.

Референдумга сунуш кылынган Баш мыйзам аялдардын жана азчылыктардын укуктарын кепилдейт, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин макамын жогорулатат. Байкоочулардын баамында, Мароккодо реалдуу өзгөрүүлөрдүн белгиси референдумдан кийин жаңы Конституция кандай ишке ашырыларына жараша болот.

XS
SM
MD
LG