Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Арменияда мөөнөтсүз шайлоону талап кылышууда

Еревандагы кечээ күнкү демонстрация учурунда оппозиция жактоочулары эгер президент Серж Саркисян мөөнөтсүз шайлоо жарыялабаса, анын кызматтан кетишин талап кыларын эскертишти. Армениянын оппозициячыл кыймылы – Улуттук Конгресстин лидери, мурдагы президент Левон Тер-Петросяндын айтымында, алар бийликке эки ай мөөнөт берет.

Президент Саркисяндын администрациясы буга чейин оппозициянын айрым талаптарын орундатып, анын ичинде мурда тыюу салынган аймактарда демонстрация өткөрүүгө уруксат берген, 2008-жылкы талаштуу  президенттик шайлоодон кийинки кагылыштан соң камалган активисттерди абактан бошоткон.
XS
SM
MD
LG