Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Депутаттар кезексиз сессия өткөрүү демилгесин көтөрүүдө


43 депутаттан турган топ Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кайрылып, кезексиз сессия өткөрүүнү сунуштап жатышат. Бул маалыматты “Азаттыкка” “Ар-намыс” фракциясынын депутат Каныбек Иманалиев тастыктады.

“Регламент боюнча кезексиз сессия чакырууга депутаттардын укугу бар. Сот системасы калыптанып, толук иштеш керек. Бир күндө сотторду тандоо кеңешин түзүп берсек, алар жайы менен убакытты бекер өткөрбөй кеңешти түптөй берет эле”, - дейт Иманалиев. Депутаттар кезексиз сессияны 4-июлда өткөрүү керектигин белгилеп жатышат.

Жогорку Кеңеш 30-июнда алты айлык сессиясын жыйынтыктаган. Регламентке ылайык парламент өз ишин сентябрь айында улантышы керек. Ага чейинки эки ай ичинде депутаттар эс алууга чыгып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG