Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

БШК: Участкалык шайлоо комиссияларын тактоо башталды


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо үчүн 1-июлдан тарта аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү иши башталганын айтып, билдирүү таратты. Бул тууралуу БШК төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, саясий партиялар жана жергиликтүү башкаруу органдары өз талапкерлерин 10-июлга чейин аймактардагы тиешелүү өкүлчүлүктөргө көрсөтө алат.

Сариев билдиргендей, президенттик шайлоонун 30-октябрга белгиленгени тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кечээ БШКга келди. Натыйжада шайлоого даярдык иши расмий түрдө башталды. Азырынча бул ишти БШКнын буга чейин иштеп келген курамы колго алууда. Парламент шайлаган Боршайкомдун жаңы курамы качан ишин баштаары азырынча белгисиз. (KKs)

XS
SM
MD
LG