Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 2-июлда Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектеринде нөөшөрлөп жамгыр жаайт. Анын натыйжасында сел жүрүү коркунучу бар.

3-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн көркүрөйт. Күндүз республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде гана жаан жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14 , күндүз 27…29 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG