Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Таиланддын премьери шайоодо утулганын моюнга алды


Таиланддын премьер-министри Абсихит Ветчатчива шайлоодо утулганын моюнга алды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Ийнглак Шинаватра жетектеген оппозициядагы “Таиланд үчүн” партиясы алдыга озуп чыкты. Партиянын лидери – мурдагы өкмөт башчы, 2006-жылы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кеткен Таксин Шинаватранын бир тууган карындашы. Шайлоонун расмий жыйынтыктары киийнчирек жарыяланат.

Телекайрылуусунда Ветчатчива Таиланд үчүн партиясын жеңиши менен куттуктады.
Оппозициянын былтыркы массалык акцияларынан бери бул – алгачкы өнөктүк. Былтыр полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 90дой киши набыт кеткен, 2 миң киши жарадар болгон. Добуш берүү укугуна өлкөдө 47 миллион жаран ээ. Алар парламенттин 500 депутатын шайлашмакчы. Бүгүн өлкө аймагы боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлүп, 170 миңдей тартип коргоочу шайлоо участкаларын катуу кайтарып турушту.

XS
SM
MD
LG