Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Мароккодо падышанын бийлигине нааразылар күчтөнүүдө

Марокконун Танжер шаарында улуттук конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн митингге  миңдеген адамдар катышты. Конституцияга киргизилген өзгөртүү падыша Мухаммеддин  бийлик укуктарын чектейт.

Марокко өкмөтүнүн билдиришинче, 1-июнда болгон референдумда элдин 98,5 проценти саясый реофрманы колдошкон. Бирок оппозиция конституцияга жетерлик түзөтүүлөр киргизилген жок деп эсептейт. Ройтерстин билдиришинче, Танжерде демонстрацияга 10 миңдей адам чыккан. Өкмөт 1 миңден 3 миңге чейин адам катышты деп ырастоодо.
XS
SM
MD
LG