Боршайкомдун жаңы курамы төрагалыкка эки: Туйгуналы Абдраимов (“Ар-Намыс”) жана Ишенбай Кадырбековдун (“Ата-Журт”) талапкерлигин көрсөтүүдө. Учурда добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендери даярдалып жаткандыгы маалым болду. Талапкерлерди көрсөтүүдө Абдраимовдун мурда БШКда иш алып баргандыгы, ал эми Кадырбековдун мыйзамдарды жакшы билгендиги белгиленди. (EK)