Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Муфтият улан-кыздарды үй-бүлө куруу боюнча окутат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиев кабарлады. Момун мусулмандардан ушул багытта сунуштар жана өтүнүчтөр көп түшкөндүктөн муфтият көмөктөшүп, курс уюштуруп берүүнү туура көргөн. Курс 14 жаштан жогорку улан-кыздар үчүн 13-июлдан 31-июлга чейин, күн сайын бир сааттан болот. Сабак үч багытта, юридикалык, психологиялык жана шарият боюнча өтүлөт. Учурда сабак берчү адамдарды муфтияттын сетва бөлүмү текшерүүдөн өткөрүүдө.

Мамбеталиев курс өткөрүүгө үй-бүлө баалуулуктарын билген, тажрыйбалуу, мурда-кийин улан-кыздарга кеңеш берип жүргөн адамдар тандаларын кошумчалады. Ушул убакка чейин курс үчүн жети кыз, төрт бала жазылган. Алгачкы курска 20 кыз катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG