Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Гаага соту Нидерландыны жооптуу деп тапты


Гаага соту Балкан согуштарынын учурундагы үч мусулмандын өлүмүнө Нидерланды бийлигин жооптуу деп тапты. Гаага сотунун бул чечимине ылайык, Босниянын Сребренница шаарында босниялык сербдер уюштурган 1995-жылдын июнундагы улуттар аралык жаңжалдын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө Нидерланды өкмөтү компенсация төлөп берет.

Ошол кезде Сребренницага жайгаштырылган Нидерландынын тынчтык орнотуучу күчтөрү коогадан жергиликтүү элди сактоого милдеттүү болчу деп, мерт болгондордун биринин тууганы сотко кайрылган. Бул чечим артынан дагы көптөгөн арыздардын келишин шарттайт деп болжолдонууда. Сребренницада 8 миңдей киши өлтүрүлгөн, арасында балдар да бар.

XS
SM
MD
LG