Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ЕККУ Беларусту оппозицияны куугунтуктабаганга чакырды


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун төрагасы Беларуска кайрылып, президент Александр Лукашенконун оппоненттерин куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис 5-июлда Беларус өкмөтүнөн оппозициянын камактагы мүчөлөрүнө эркиндик берүүнү жана тынч демонстрацияга чыккан адамдарга каршы күч колдонбоону сурады. Лукашенко оппозицияны кысмакка алууну декабрда кайра президент шайланганда болгон нааразылык акцияларынан соң баштаган.

Адам укугун коргоочулардын билдиришинче, 3-июлдагы Лукашенкого каршы акциядан кийин бери дегенде 140 адам камакка алынган. Алардын көпчүлүгү 2 күндөн 15 күнгө чейин эркинен ажыратылган. Абакка илинбегендерге 200 долларга чейин өлчөмдө айып салынган.

XS
SM
MD
LG