Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Магнитскийге медициналык жардам берилген эмес


Адам укугун коргоочулардын айтышынча, Сергей Магнитскийдин абакта өлүшүнө тергөөчүлөр, түрмө жетекчилиги жана доктурлар жооптуу. Hermitage Capital инвестициялык компаниясынын адвокаты, 37 жаштагы Магнитский 2009-жылы абакта жан берген. Адам укугун коргоо боюнча Орусия президенти алдындагы кеңештин мүчөсү Валерий Борщевдин "Ройтерс" агенттигине айтышынча, Магнитскийге медициналык жардам берилбегенге байланыштуу көз жумган:

- Жардам бербөө, же жардам берүүгө жол бербөө, башкача айтканда жашоо укугу бузулганы анык. Бул үчүн доктурлар жазаланууга тийиш. Албетте анын сабалганы өлүмүнүн негизги себеби болгон. Түрмө кызматкерлери аны өлтүрүүнү каалашкан деп ойлобойм. Балким алар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткаргандыр. Бул биздин жоромолубуз.

Белгилүү укук коргоочулар өз бүтүмүн кечээ Налчик шаарында президент Дмитрий Медведевге тапшырышты.

Магнитский мыйзамсыз жолдор менен ырасмий адамдардын Батыш фирмалары салыкка төккөн 200 миллион доллардан көп акчаны чөнтөккө салышканын ашкерлегенден кийин "салык төлөбөдү" деп айыпталып, түрмөгө отургузулган.

XS
SM
MD
LG