Грузия президенти Михаил Саакашвилинин 15 жаштагы уулу iPadдо ылдам арип терүү боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Эдуард Саакашвили англис алфавитин 5, 26 секундда терди. Бул былтыр британ өсүпүрүм койгон рекорддон 1,05 секундга аз.
Рекордду 5-июлда Батуми шаарында "Гиннес" рекорддор китебинин өкүлдөрү катташты. Эдуарддын сөзүнчө, ал рекордго жетүү үчүн бир нече ай машыккан. Эдуард Саакашвилинин апасы, голландиялык Сандра Рулофс уулу менен сыймыктанганын айтты.