Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Бүгүн КМШ коргоо министрлеринин жыйыны башталат


Сочиде боло турган КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында "Аскердик кызматташтык-2011" бирдиктүү аскерий машыгууларынын иш-планы бекитилет. Жыйын Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун жетекчилиги алдында өтөт.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, шериктештикке кирген өлкөлөрдүн министрлери 2015-жылга чейинки кызматташуу концепциясы алкагында иш-аракеттер планын аныкташат. Ага ылайык ушул жылдын сентябрь айында орусиялык “Ашулук” аскер майданында өтчү бирдиктүү аскерий машыгууларынын программасын бекитет.

Мындан тышкары жолугушууда министрлер ортосунда аскердик авиация жаатында кырсыктарды алдын алуу боюнча Куралдуу күчтөрдүн аба учактарынын коопсуздугу боюнча координациялык кеңеш түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. Жыйынга Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG