Бүгүн “Андаш Майнинг Компани” компаниясы Жогорку Кеңештин аталган ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча токтомуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргыз парламентинин бул чечими “таң калаарлык” деп бааланып, лицензияны жокко чыгаруу үчүн өндүрүштүк коопсуздуктун бузулушу, каржылык жактан мыйзам бузуулар өбөлгө боло алаарын, бирок кен эл жашаган аймакка жакын деген шылтоо менен лицензия жокко чыкпай турганы белгиленген.
Билдирүүгө ылайык, аталган компаниянын лицензиясы 2017-жылга чейин жарамдуу болчу жана компания техникалык да, экологиялык да талаптардын баарын аткарып жаткан. Андан сырткары билдирүүдө "компания мыйзамды сыйлаган салык төлөөчү деп эсептелет, жергиликтүү элге да жардам берип жаткан" деп белгиленет.
Компания Таластагы “Андаш” кенин иштетүү маселеси дагы дыкат каралып, туура чечим чыгарылат деген үмүтүн билдирүүдө.
Жогорку Кеңеш 24-июнда Таластагы "Андаш" кени биротоло жабылсын деген токтом чыгарган. Токтомдо бул алтын кени Көпүрө-Базар айылына жакын турганы, Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндө жайгашканы белгиленип, ишкана жергиликтүү калктын пикирин жана экологиялык коопсуздукту эске алган эмес деп жазылган болчу. (EBM)