Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

“Кыргызстан” авиакомпаниясы жыл аягына чейин 5 "Боинг" алат


Мамлекеттик “Кыргызстан” авиакомпаниясы АКШдан мурда колдонулган, бирок Венгриядан толук оңдоодон өткөрүлгөн "Боинг 737-400" үлгүсүндөгү учакты узак мөөнөткө ижарага алды. Компаниянын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов бир айдан кийин дагы бир ушундай үлгүдөгү учак келээрин, жыл аягына чейин баш-аягы беш учак алынарын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, биринчи учакка Кыргызстандын туңгуч учкучу Ишенбай Абдраимовдун ысымы ыйгарылды жана ал чет өлкөлүк аба каттамдарда колдонулмакчы. Экинчи учакка Курманжан Датканын ысымы берилип, ал Ош-Бишкек-Ош аба каттамдарында учат.

Буга чейин “Кыргызстан” авикомпаниясынын Советтер союзунун тушунда жасалган 4 учагы бар болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG