Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Британия Ооганстандан дагы 500 аскерин чыгарат


2012-жылдын аягына чейин Британия Ооганстандан дагы 500 аскерин чыгарып кетээрин бүгүн британ премьер-министри Дэвид Камерон айтты. Быйыл өлкө 400 аскерин кайтарууда. Ошондо ооган жеринде 9 миң британ аскери калмакчы. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Камерон калган аскерлер 2015-жылдан тарта согуштук операцияларга катышпай турганын белгиледи.
АКШнын президенти Барак Обама да өлкө быйыл Ооганстандан 10 миң аскерин чыгарып кетээрин, келерки жылы сентябрга чейин дагы 23 миң адам мекенине кайтарылаарын өткөн айда кабарлаган.

XS
SM
MD
LG