Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Пан Ги Мун Израилдин аракетин сындады


Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун Израилдик аскерлерди ливандык куралсыз демонстранттарга каршы ок атканын сындады. Ливандын куралдуу күчтөрүнүн маалымдашынча, 15-майда ливандык жарандар чек араны бөлгөн дубалды бузуп өтмөк болгондо израилдик аскерлер аткан октон жети киши өлүп, 111 киши жарадар болгон. Пан Ги Мундун айтышынча, БУУнун Ливандагы тынчтык миссиясы даярдап жаткан докладда ливандык демонстранттардын аскерлерге таш атуусу жана Молотов коктейлин ыргытуусу “бузукулук жана зобун-зордук” деп мүнөздөлөт.

XS
SM
MD
LG