Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Ван Кайвэн: Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү


Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Ал Кыргызстанды Борбор Азиядагы экономикалык кызматташуудагы бирден бир башкы өнөктөш экендигин белгиледи. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлантуу 2008-жылы 9 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч кийин ылдыйлап, бирок бул жылдын биринчи жарымында кайра акырындап көтөрүлө баштаган. Элчи ушул тапта билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, жол курулушу, электр кубатын камсыздоо системасын оңдоо тармактары боюнча долбоорлор иштеп жатканын билдирди. Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу долбоору туурасында элчи тараптар темир жолду куруу чечимине келгендигин, азыр техникалык маселелер гана калганын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG