Президент Роза Отунбаева Парламентти БШК мүчөлөрүн шайлоодо кеткен мыйзамдык мүчүлүштүктөрдү 8-июлда боло турган кезексиз сессиясында оңдоого чакырды. Муну президент төрага Акматбек Келдибековго жиберген катында белгилеп, мыйзамды каалагандай чечмелөө президенттик шайлоого ишенимди кетирип, түгөнгүс соттошууларга алып барышы мүмкүн деп, буга жол берилбей турганын эскерткен.
Парламент БШКнын өз ыйгарымындагы 8 мүчөсүн БШК жөнүндөгү жаңы мыйзамга президент кол койо электе шайлаган. Бул курам БШКга жаңы башчы кылып Туйгунаалы Абдраимовду тандаган. Акылбек Сариевдин жетегинде иштеп жаткан БШК жаңы курамга ордун бошотуп, бирок, мыйзамсыз аракеттер боюнча президентке кайрылышарын айткан.
Эртеңки кезексиз сессиянын күн тартибинде президенттин ыйгарымындагы эки мүчөнү шайлоо маселеси да бар, бирок президенттин сунушу эске алынар-алынбасы тууралуу маалымат тарай элек. (AzK)