Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жалил Илиппаев билдирди. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан ишти Башкы прокуратура иликтемей болду. Азыр окуянын чыгуу себептерин коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган 22 кишилик комиссия иликтеп жатат. Эки милиция менен ок жеген эки тургун ушул тапта Бишкекте дарыланып жатышат. Алар элдешип, бири-бирине эч кандай доосу жоктугу туурасында тил кат жазып бергени маалым болду.
4-июлда кечке жуук Бостеридеги “Асыл-Таш” пансионатында акча өндүрүп жатат деп шектелген жергиликтүү балдар менен милиция кызматкерлери мушташа кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлери курал колдонуп, октон жаракат алган эки бала ооруканага жеткирилген.(AzK)