Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, сессияда Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү, БШКнын калган мүчөлөрүн шайлоо маселелери каралат. Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” өкмөттүн жаңы стуруктурасы да талкууналынышы мүмкүн экенин белгилеген.
30-июнда бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жарым жылдык сессиясынын акыркы күнүн өткөргөн. Анда бир катар олуттуу маселелер боюнча тиешелүү жыйынтыктар алынбай калган. Мындан улам парламенттеги айрым фракция өкүлдөрү төрагага кат жолдошуп, кезексиз сессия өткөрүүнү өтүнүшкөн.
30-июнда президент сунуштаган төрт талапкердин экөөсүн колдоп добуш берип, калган экөөнү колдогон эмес. Натыйжада БШКнын жаңы курамына Акылбек Сариев менен Эрик Ырыскулбеков шайланбай калган болчу. Президент алардын талапкерлигин кайрадан сунуштаган. (КЕ)