Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ЕККУ Тажик өкмөтүн Би-Би-Синин кабарчысын бошотууга үндөдү

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму - ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Тажикстандын бийликтеринен Би-Би-Синин кабарчысы Орунбай Усмоновду бошотууга чакырды. 

Миятович айым Усмоновдун иши боюнча ырасмий жоопту күтөөрүн айтты. 16-июнда ЕККУнун өкүлү Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифиге жөнөткөн катында Усмоновдун камалышын маалымат берүүнү цензуралоо аракети деп атаган. 

Би-Би-Синин Борбор Азия кызматында он жылдан бери иштеп жүргөн Усмонов 13-июнда радикалдуу уюмдун мүчөсү деп шектелип камакка алынган.
XS
SM
MD
LG