Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Пан Ги Мун ал-Махмудини жардамга чакырды


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ливиянын премьер-министри Багдади ал-Махмудини согуштук аракеттерди токтотуп, өлкөдөгү гуманитардык жагдайды жакшыртууга көмөктөшүүгө үндөдү.

Пан Ги Мун 7-июлда болгон телефон сүйлөшүүсүндө куралдуу тиршүүнү тез токтотуунун жолун таап, уруш жүрүп жаткан аймактардагы элдин абалын жакшыртуунун жана жалпы Ливияда тынчтыкка жетишүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Баш катчы БУУнун атайын чабарманы Абдул Илах ал-Хатиб каршылашкан тараптарды элдештирүүгө аракет жасап жатканын да билдирди.

БУУнун баш кеңсеси ал-Махмуди чукул арада ал-Хатибди “өтө зарыл маселелерди масилээттешүү үчүн” кабыл аларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG