Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында Социал-демократтар менен “Ата Мекен” фракцияларынын кээ бир депутаттарынын ортосунда чатак чыкты.
“Ата Мекен” партиясынан депутат Бактыбек Калмаматов айрым депутаттардын буга чейин кабыл алынган мыйзамдарды кайра кайтарып, кайрадан териштирүү демилгелери жат көрүнүш экендигин айтса, ага КСДПнын бир катар депутаттары каршы пикирин айтышты. Андан соң Акылбек Султанов (КСДП) менен Жоомарт Сапарбаевдин ортосунда ("Ата Мекен") жаңжал чыгып, ал мушташка айланып кете жаздады. Султанов кесиптеши тарапка желим бөтөлкө ыргытканга жетишти.
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков чатакташкан депутаттарды маселелерди сыртка чыгып, такташууга үндөдү. (KKs)