Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Кезексиз сессия өткөрүү сунушун 75 депутат колдоду. 15-августта өтө турган бул жыйында Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын сотторун шайлоо маселеси каралмакчы.
30-июнда Жогорку Кеңеш жарым жыл ичиндеги акыркы жыйынына чогулган. Анда бир катар олуттуу маселелер толук каралбай калгандыктан бүгүнкү күнгө кезексиз сессия белгиленген болчу. (KKs)