Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул тапта күндүн ысып кеткендигине байланыштуу Лейлек, Талас, Аксы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Нарын, Аламүдүн, Токтогул райондорунун токойлорунда өрт коркунучу жогору.

Өрттүн чыгуусуна эс алып жүргөн жарандардын отко болгон шалаакы мамилеси, же болбосо жерге түшүп калган айнек сыныктарынын күнгө чагылышуусу себеп болушу ыктымал.

Республиканын аймагында акыркы бир сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталган. Бишкекте 1, Чүй облусунда 7, Жалал-Абадда 4, Ош облусунда 3, Таласта 1 өрт чыккан. Өрттөн адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар болгон жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG