Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Жалал-Абадда “Бирдиктүү Кыргызстан” жаштар форуму өтүүдө


Бүгүн Жалал-Абад облусунда “Бирдиктүү Кыргызстан” деген аталышта жаштардын республикалык форуму өз ишин баштады. Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекованын айтымында, форумга республиканын ар кайсы аймактарынан 70ке чукул адам катышууда. Бир аптага созулчу бул иш-чарада жаштар өлкө жана өздөрү жашаган аймактын келечеги, экономиканы өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу, жердешчилик деген түшүнүктөрдөн арылуу деп аталган темаларда талкуу өткөрүшөт. Найзабекова мындан ары жаштар форумун жыл сайын ар кайсы аймактарда өткөрүп туруу пландалып жатканын кошумчалады. Форумду жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов ачты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG