Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

"Булгария" кемеси Волгага чөгүп кетти


"Булгария" курулганына 50 жылдан ашкан эле
"Булгария" курулганына 50 жылдан ашкан эле

Жекшембиде Татарстанда Волга дарыясына 200гө чукул киши менен кеме чөктү. Алардын 80ге чукулу куткарылды. 100дөн ашык жүргүнчүдөн азырынча дайын жок.

Кабарларга караганда, “Булгария” кемеси Татарстандын аймагында Куйбышев суу сактагычында жээктен 3 чакырым алысыраакта сууга чөккөн. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москва боюнча жекшембиде кечки саат 10:00 карата өзүнүн интернеттеги сайтында чыгарган маалыматка караганда, сууга чөккөн кемедеги 182 адамдын ичинде 83 адам куткарылды.

Министрликтин расмий өкүлү Ирина Андрианова: "Кемедегилердин ичинде 125 турист болгон, 22 - экипаждын мүчөлөрү, дагы 35 адам кемеде тейлөө кызматында иштегендер болчу, - деди. - Бир адам көз жумду. 95 кишиден азырынча дайын жок. Куткарылгандардын 82си азыр “Арабелла” кемесине көчүрүлүштү, ал кырсык болгон учурда жакын жерде болуп калган экен. Үч киши ооруканага жеткирилди. Ушул тапта издөө-куткаруу иштерине 189 адам катышууда, 28 техника ишке киргизилди. Куткаруу иштери улантылат".

Бийликтер кеменин чөгүшүнө аны натуура колдонуу себеп болсо керек деп жатышат. Бул боюнча кылмыш иши козголгонун өлкөнүн Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин кабарлады.

"Кеменин чөккөнүнө байланыштуу Орусиянын Кылмыш жаза кодексинин тийиштүү беренеси боюнча “транспорттук унааны туура эмес колдонгон” деген негизде кылмыш иши козголду, - деди. - Кырсык болгон жерде тергөө комитетинин криминалисттери, тергөөчүлөр окуянын себептерин териштиришүүдө".

“Булгария” кемеси Болгар шаарынан Казанга карай бараткан жеринен 20 метрлик тереңдикке чөгүп кеткен. Адистердин айтымында, кеме өзү эскилиги жеткен болчу. Ал 1955-жылы Чехословакияда курулган экен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG