Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Сирияда бир адам мерт болуп, 20 чакты киши жарадар болду


Сириялык аскерлер өткөн түнү Хомс шаарына жасаган жортуулу учурунда бир адамды өлтүрдү. Пулемёттон элге атылган октон өлкөнүн ортолугундагы шаардын чет жагындагы эл жыш жашаган маалелерде 20 адам жарадар болду. Бул жөнүндө Сириянын Адам укугун көзөмөлдөө уюму билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтышынча, эки ай мурда президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы элдик козголуш башталгандан бери аскерлер элге кечээкидей айосуз мамиле жасашкан эмес. Сирия өкмөтү жекшемби күнү оппозициячыл топтор менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын маалымдады. Бирок негизги оппозициялык уюмдар жана алардын көрүнүктүү өкүлдөрү кездешүүгө келишкен жок.

XS
SM
MD
LG