Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Тамак-аштан өксүгөн өспүрүмдөр


Ак-Жар конушу, 11-июль 2011-жыл
Ак-Жар конушу, 11-июль 2011-жыл

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аш жетишсиздигинен келип чыгууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк биргелешип, июнь айынын акырында чыгарган жаңы баяндамада айтылат.

Мындан улам адистер жаш балдардын тамак-ашына көңүл бурулбаса, келечек муун коркунучта экендигин айтышып, коңгуроо кагышууда.

Карандай чай, кургак нан...

Аламүдүн районундагы Ак-Жар жаңы конушунун тургуну сегиз жашар Аман - тогуз бир туугандын кичүүсү. Ал үй-бүлөсүнүн негизги азыгы нан менен чай экендигин, эт кошулган тамакты анда-санда гана көрөөрүн айтууда:

Ак-Жар конушунун тургуну Чынар Маматбекова уулдары Аман жана Эсен менен, 11-июль 2011-жыл
- Эртең менен мен тамак ичем. Кечки тамактан ашып калса, ошону ысытып ичебиз. Анан кийин кээде салат жасап жеп калабыз. Апам макарон кууруп берет, негизи чай-нан жеп жатабыз.

Амандын апасы Чынар Маматбекова тогуз баланы керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу кыйын дейт. Бул үйдө тапкан-ташыган каражат негизги гана тамак-аштарды сатып алууга гана жетет:

- Эми бизге чындап эле кыйын. Азыр эттин килограммы канча болуп кетти. Биздей үй-бүлөсү чоңдор улам эле эт жейбиз деп айтыш кыйын. Болгондо жеп калабыз. Болбосо жок. Балам айткандай, бизде витамин аз. Вермишель, күрүч өңдүү шартка байланыштуу тапкан тамагыбызды жейбиз. Жашырганда эмне?

Эмгекке жарамсыз, каны аз балдар көбөйүүдө

Организм күндө керек болгон азык-түлүктөр менен камсыз болбогондуктан Кыргызстанда эмгекке жарамсыз, бою өспөй калган, каны аз балдар көбөйүүдө. Мындай маалымат Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен Дүйнөлүк банк биргелешип даярдаган отчетто айтылууда.

Балам айткандай, бизде витамин аз. Вермишель, күрүч өңдүү шартка байланыштуу тапкан тамагыбызды жейбиз. Жашырганда эмне? ...
Анда беш жашка чейинки наристелер арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аштын жетишсиздигинен экени белгиленген.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Ража Мсесер Деррада бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп экендигин билдирүүдө:

- Азыркы учурда бизде бар маалыматка ылайык, тамак-аш менен жетиштүү камсыз болбогон балдардын рейтинги Кыргызстанда абдан жогору. Мындай көрсөткүч Тажикистанда да болушу мүмкүн. Бирок балдардын азык-түлүк менен жетиштүү камсыз болбогону дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн көйгөйү болуп саналат.

Балдардын өлүмү экономикалык жоготуулар менен коштолууда

Отчетто айтылгандай, азык-түлүктүн жетишсиздигинен Кыргызстанда адамдардын өмүрлөрү гана кыйылбастан, жыл сайын 32 миллион АКШ долларын түзгөн экономикалык жоготуулар болуп жатат. Себеби, жаштайынан чала тоют болуп чоңойгон адамдардын эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөп, өлкөдө жумушчу күчү азаюуда.

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдикаримовдун пикиринде, наристелер менен өспүрүмдөрдүн тамак-аштан өксүшү экономикалык абалдын начардыгынан, ата-энелеринин көпчүлүгү чет өлкөгө кетип, балдардын кароосуз калышынан улам жана кош бойлуу аялдарга жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыктан келип чыгууда:

Сабыржан Абдикаримов
- Айыл жеринде азыр абал кандай? Бүгүнкү күндө негизги тамак – чай-нан, чай-нан. Кээ бирлерине каймак жешпейт, сүт да ичпегендер бар. Ошондуктан адамга керек болгон негизги элементер: темир, цинк, А, С, Б витаминдери, анан жанагы йоддор жана башка элементтер жетишпей жатат.

ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк банк отчетунда, Кыргызстанда балдар арасында азык-түлүктүн жетишсиздигинен келип чыккан өлүмдөрдү азайтуу үчүн өкмөттү атайын программаларды кабыл алууга чакырууда. Мындан тышкары ымыркайларды эмчек сүтү менен багуу, кош бойлуу аялдарды жетиштүү витамин, минерал менен камсыз кылуу, йоддолгон туздарды колдонуу жана унду атайын темир менен байытуу керектиги да белгиленген.

XS
SM
MD
LG