Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Орусияда - аза күтүү


Орусия Волгадагы кеме кырсыгында мерт болгондордун арбайына аза күтүү жарыялады. Татарстан аймагында, Волга дарыясына чөгүп кеткен туристтик кемеде 200дөн ашык киши, ичинде 60тай бала болгон, алардын жүздөн ашыгы мерт болуп калган, көбү дайынсыз. Акыркы маалыматтарга караганда 59 кишинин сөөгү суудан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз жоголгондордон тирүү калгандар тирүү табыларынан үмүтү аз экенин билдирүүдө.

Орусия президенти Дмитрий Медведев кырсыкка байланышкан жагдадйы кылдат териштирүүгө чакырды. Бийлик өкүлдөрү "Булгария" жүргүнчүлөрдү ашкере көп салган жана буга чейин эч кандай ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес деп билдиришүүдө. Кеме 1955-жылы Чехословакияда курулган.

XS
SM
MD
LG