Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

“Ар-намыс” кезексиз курултайын июлдун этегинде өткөрөт


Бул тууралуу “Ар-намыс” партиясынын мүчөлөрү бүгүн “АКИ-пресс” агенттигинде өткөргөн маалымат жыйында билдиришти. Анда айтылгандай, бул курултайда партиянын атынан президенттик шайлоого катыша турган адам белгилүү болмокчу.

Президенттикке талапкерди аныктоо үчүн “Ар-намыс” өткөн ишемби күнү курултай өткөргөн. 170 делегат катышкан партиянын IX курултайында президенттикке Анарбек Калматов менен Акылбек Жапаровдун талапкерлиги тандоого коюлган. Натыйжада Калматов – 96, Жапаров – 72 добуш алган. Көп өтпөй делегаттарда нааразылык пайда болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Феликс Кулов “Азаттыкка” курган маегинде Акылбек Жапаровдун программасын колдой турганын билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG