Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Элетте калган доцент


Англис тили боюнча адис, илимдин кандитаты Азизбек Жумашев Кытай менен чектеш Алайкуу өрөөнүнүн алыскы Көк-Арт айылында мугалим болуп эмгектенет.

Жумашев бир кезде жогорку окуу жайларында декандык жана проректорлук кызматка чейин жеткен. Учурунда азыркы президент Роза Отунбаева менен да бирге иштешкен. Бирок ичкиликтин айынан айылга кетүүгө аргасыз болгон экен.

- Бишкекте кыз-келиндер институту деген бар эле, “женпед” деп койчубуз. Мен ошол жерде дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы болуп иштедим. Ал жерде жыйырма төрт жыл болдум. Андан кийин беш жыл Жалал-Абадга келип, ал жердеги окуу жайда кафедра башчы, проректор кызматтарында жүрдүм. Анан кайра эл аралык университетте проректор болуп иштедим.

Азизбек Жумашев бизге өткөн мезгилин айтып отурду. Мындан бир нече жыл мурда Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы университеттерде жогорку кызматтарда иштеген адис эми айылда катардагы мугалим, Кара-Кулжа району боюнча илимдин жалгыз кандидаты:

- Президент Отунбаева менен чогуу эмгектендим. Анда ал ЮНЕСКОнун өкүлү болуп иштечү. Кийин тышкы иштер министри болду. Андан кийин БУУга иштеп кетти. Ал ошол кезде мага абдан чон жардам көрсөткөн. Американы да, Англияны да көрсөткөн Отунбаева болду.

Катаал турмуш Азизбекти ар кандай кыйынчылыктарга салат. Ал өзү туулган айылга кайтууну туура көрөт:

- Мурунку турмушум көйгөйгө айланып кетти. Арак ичип кеттим. Эми жакшы адамдар деле арак ичет турбайбы. Профессорлор, менин агайларым деле ичет эле. Мен окуп жүргөндө ичпейт элем. Анан кийин иштеп калганымда ошол эле агайлар менен бөтөлкөлөш болуп калдым.

Ошентип Азизбек Жумашев Кара-Кулжа районунун Кытай менен чектеш аралаш Көк-Арт айылындагы мектепте иштегенине 11 жылдай болду. Пенсияга чыгаар убактысы келсе да мугалимдердин жетишсиздигинен ал азырга чейин иштеп турууга аргасыз:

- Мектепте жетекчибиз качан эле пенсияга чыгыш керек эле. Менден бир жаш улуу. Мен эми кийинки жылы пенсияга чыгам куда кааласа. Тоо жеринде элүү беш жаштан чыгат экен. Бирок англис тили боюнча эки эле мугалим бар. Жумуштан кетип калсам ким сабак берет? Башка сабактардан берген мугалимдер деле сырттан окуп айылда жүргөндөр калды.

Кара-Кулжанын эң алыскы Көк-Арт айылы
Азизбек Жумашевди мектепте окуучулардын күлкүсү, билимдүү болууга аракети кармап турат. Өз билгенин балдарга үйрөткүсү келген педагогдук инстинкт аны мектептен алыстатып кете албайт:

- Мен окуткан, тарбиялаган балдарымдын баары окууга өтүп атат. Англис тилин жакшы билишет. Ошолор үйрөнсүн деп, ниет кылып, атайын бөлүп алып окутам. Ага да класс жетпей кыйнайт. Балдар менин билимимди эле алып калышат. Жаман адам болсом өзүмө да. Эртеңки күнү “агай окуткан эле” деп айтат да. Зөөкүр болуп өлбөйм.

Анткен менен деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктиктеги Көк-Арт айылындагы мектепте окуучулар жылдан-жылга азайып барат. Бул жердеги шарттын катаалдыгынан жылына ондогон балдар окуусун таштап, чет өлкөлөргө иштегени кетишет.

Айылдагы Жутан Субанов орто мектебинде мурда 1000ден ашык окуучу болсо, азыр алардын жарымы эле калган:

- Бул жерде балдар эртең эле шаарга, Орусияга кетебиз дешет. Сегиз, тогузга барганда эле ошентет. Өзү кетем дебесе, ата-энеси чет өлкөгө, же шаар жакка бала бактырганы жөнөтүшөт. Себеби бизде жашоо кыйын болуп атпайбы. Мурда бир класста 60-70 окуучу болоор эле. “А”, “Б”, “В” деген класстар болот эле. Азыр аныбыз жоюлуп, “А” эле калды. Анда да окуучулардын саны 25ке араң жетет. Башка жакта жүрүшөт, эртең келип “тогузду бүттүм, он бирди бүттүм, аттестат бер” деп келет. Эми айласыздан ошентип атпайбы, жашоонун начардыгынан, жашоонун кыйындыгынан...
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG